أول 200 سطر.
ДЕТЕКТИВ КОЙЛОР
Урматтуу Ребекка!
Билем, мага көп сурооӊ бар.
Менде дагы.
Чынында, жашоо - сыр сандык.
Бирок ааламдын бардык табышмактарына бир жооп бар болсо,
бакыттын бир сыры бар болсо,
Ал мен үчүн -
койлор.
Жок, чын эле.
Чын эле, койлор.
Мына, бара жатам.
Өткөн катыӊда, койлордун арасында өзгөчөлөрү
барбы деп сурадыӊ эле.
Алардын бардыгы өзгөчө. Ошондуктан ар бирине ат койгом.
Мисалы,
эки куйту эгизди Ронни жана Реджи деп атагам.
Ал эми кекирейген кочкорду Сэр Ритчфилд.
Булут - эӊ эле үлпүлдөк.
Өзүнчө эле жылдыз.
Зора - кулак түргүч.
Моппл - эӊ сабырдуу.
Жана Жүн Көз…
Башка ат таппадым.
Ооба, бардыгы өзгөчө дедим,
бирок экөө бар, эӊ эле өзгөчө.
Себастьян.
Эӊ ири кочкорум.
Мен сыяктуу, жалгыз баш.
Ал бир маалда бир жерге басып кетет.
Бирок сөзсүз кайтып келет.
Жана акырында, Лили.
Менин акылдуум.
Ал ар дайым ойлорумду окуп,
жүрөгүмдөгү сезимдерди билип тургандай.
Ал мага койчуларга гана тааныш болгон бейпилдикти тартуулайт.
Жер жүзүндөгү эң жоош жандыктарга
кам көрүп жатканда келүүчү бейпилдик.
Ар күнүм алардын ден соолугуна кам көрүүдөн башталат.
КОЙ ЖЕМИ
Мен аларды жакшы тоюттандырып,
жүнүн кыркып турам.
Колдон келишинче көңүлдөрүн ачууга аракет кылам.
Уэн ай уэйк ап, Уэлл, Ай ноу айм гонна би,
Айм гонна би дэ мэн ху уэйкс ап нэкст ту ю.
Анан мен аларга дары берем. Эгер тили болсо,
алар бул дарыны сөзсүз макташмак.
Дары иче турган убакыт болду, досум. Азаматсың!
Ал эми иш бүтүп, күн батып баратканда,
мен аларга үн чыгарып окуп берүү үчүн китеп тандайм.
Детективдерди, мистиканы. Өзүмө жаккандын бардыгын.
«Мен Родни Холлингсхеддин качан өлтүрүлгөнүн билем
жана чыныгы жан кыйгыч ким экенин да билем».
Алар сюжетке кызыгат деп ойлогонду жактырам.
Бирок канчалык сонун болсо да, алар жөн эле…
кой экенин түшүнөм.
Жок, бүгүнкүгө ушул жетет.
Алдыга! Жайылгыла.
Аягын эртең окуп берем.
Эмнеге токтоп калды?!
Так ким өлтүргөнүн айта турган жерде!
Шылдыӊдап жатабы! Бул кызматчы кыз, ээ?
Албетте, кызматчы кыз.
Жок, жок, жок. Күнөөлүү - багбан.
Дайыма чөп чабат, бирок аны эч качан жебейт!
Шектүү.
Баары түшүнүктүү эле да - доктур күнөөлүү!
Жок, бул тиги коркунучтуу аял!
Коркунучтуу аял мурунку китепте болчу, даанышман!
Биз бир ата-энеден төрөлгөнүбүзгө ишенбейм!
Оо, башталды.
Ии.
Ох, баягысын кайра башташты.
Баарыңардыкы туура эмес.
Мен эки бөлүм мурда эле билгем.
Кызматчы кызбы?
Жок дебедимби.
Жээни, Берти Холлингсхед.
Бирок Лили, детектив Берти Холлингсхедге каршы бардык далилдерди
чыныгы жан кыйгыч атайын жасап койгонун далилдебеди беле!
Дал өзү.
Бул айдан ачык да!
Айыптан кутулуу үчүн далилдерди өзү атайын жасаган.
Берти Холлингсхед - мына чыныгы жан кыйгыч!
Эй! Мындай болбойт!
Эртең Джордж китепти аягына чейин окуйт, ошондо көрөсүңөр.
Ал эми менимче - бул кызматчы кыз.
«Берти мыйзам боюнча
бир кылмыш үчүн адамды эки жолу соттоого болбосун жакшы билчү.
Ошондуктан, айыптан кутулуу үчүн далилдерди өзү атайын жасаган.
Берти Холлингсхед - мына чыныгы жан кыйгыч».
Менин койлорумдун көбү кечке же чөп жешет,
же чөп жешти ойлошот.
Бирок менде энергиясы ашып ташкан үч тентек козум бар.
Жазында туулган, шайыр, эч нерсе менен иши жок кичинекейлер.
Негизи, дээрлик бардык козулар жазында төрөлөт.
Бирок менде кышында туулган бир козум бар.
Оо. Салам.
- Мен Дейзи. - Мен Оливер.
- Мен Пиклз - Атың ким?
Менин атым жок.
Биз менен ойнойсуңбу?
Жок! Ары тургула!
Кышкы козу менен ойнобогула!
Биздин отордо ага орун жок.
Койлорго гана белгилүү болгон себептерден улам,
отор кышында туулган козуну көп учурда четке кагат.
Тынч.
Кышкы козулар башкача болгону үчүн окшойт.
Ич. Азаматсың. Кышкы козу - эң мыкты козу.
Менин суроом бар.
Эмне үчүн Джордж аны дайыма бөпөлөй берет?
Джордж кой эмес да.
Ага кышкы козулар жөнүндө түшүндүрүшкөн эмес.
Анан акыркысы: эгер чакыруумду кабыл алсаң,
мен Денбрук шаарчасына жакын жашайм.
Бул жердин өзүнүн кызык адамдары бар.
Мисалы…
Салам, Калеб.
Калеб да койчу.
Кутман таң!
Аны жактырбайм.
Хэм, касапчы.
Аны такыр эле жаман көрөм.
Бет, мейманкананын ээси.
Мени жактырбайт.
Ушуну токмоктоп салмакмын.
Тим, полиция кызматкери.
ТОКСИКАЛЫК ШОК СИНДРОМУ
Келесоо.
Жана өзүн адамдардын койчусумун деп эсептеген пастор Хиллкоут.
Биздин мамилебиз татаал.
Ал эми бүгүн «Адашкан кой жөнүндө притча» окуйбуз.
Джордж, сиз да кошулайын дедиңизби?
Кудайдын үйүндө баарына орун бар.
Жада калса касапчыларга да, ээ?
Менин бул жерде ишим жок.
Карызымды бергени келдим.
Аксакал Джордж.
Аксакал Джордж.
Бирок адамдар тууралуу жетиштүү.
Сага өзүмдүн оторумду көрсөткүм келет.
Алар сени көрүүнү аябай каалашат.
Мен дагы.
Тезирээк кел.
Сүйүү менен, Джордж.
Булут?
Суроом бар.
Каакым жесем, кирпиктерим сеникиндей сонун болобу?
Жок, кирпикке алардын пайдасы тийбейт.
Бирок жүнгө сонун таасир берет.
Жүн Көздү карачы.
Ал каакым гана жейт.
Көрсө кеп ошондо экен да? Түшүнүктүү.
Бираз каакым Себастьянга калтырыш керек.
Анын тентип жүргөнүнө бир жума болуп калды.
Анан эмне болуптур? Джордж аны кайсы бир жактан алып келгенден бери,
ал дайыма эле шаарга качып кетет.
Ачка жүрө берсин.
Анын биз менен иши жок болсо, биз ага кам көрбөшүбүз керек дегенди билдирбейт.
Себастьян - биздин отордун бир мүчөсү.
Оо, карагылачы! Бул Калеб го!
Күчүктөр!
Күчүктөр, күчүктөр, күчүктөр, күчүктөр, күчүктөр.
Калеб! Баарыңар бул жакка!
Анын жытына дайыма мас болом.
Жүн свитерлердин жыты го чиркин.
Анан алар кандай сонун боёлгон!
- Сен үйдөсүңбү? - Кет бул жерден.
Сонун.
Кандай жаңы, кооз жана жаркыраган.
Сен да мен ойлогонду ойлоп жатасыңбы?
- Сүзгүм келип жатат! - Менин дагы сүзгүм келип, араң турам!
Реджи! Ронни!
Силер эрежени билесиңер да. Биз сүзүшпөйбүз, эгер…?
Эгер сүзүшүүгө олуттуу себеп болсо гана.
Так ошондой.
Калеб бир айда үчүнчү жолу келди.
Анын бир эле максаты болушу мүмкүн.
Оторлорду бириктирүү.
- Оторлорду бириктирүү! - Жаңы койлор.
- Жаңы жайыттар! - Күчүктөр дагыбы?
Мен азырынча ойлонуп жатам!
Мен сага мүмкүнчүлүк бергем, бирок сен мени алдап кеттиң, Калеб!
Мага жолобо!
Ооба, оторлор кошулбайт окшойт.
Мен ушунчалык сүйүндүм эле. Эми болсо ичим ачышып, капа болуп турам.
Ушунун баарын унуткум келет!
Макулмун. Ичиң гана ачышат.
Кана балдар!
Үч дегенде Калебдин келгенин унутабыз.
Бир. Эки…
Мопплчу? Ал унута албайт.
Эмнеге?
Байкуш Моппл.
Ал ушундай жаман бир дарт менен төрөлгөн.
Бизден айырмаланып, ал эмнени унутууну өзү тандай албайт.
Ооба, ошондой.
Моппл, биз унутканда, сураныч, муну биздин эсибизге салба.
Сен ишенип жатасыңбы? Бул коркунучтуу түш эмес да.
No comments yet. Be the first to leave one.